Орозгүл Токторбаева, Роза Шакирова "Сен дегенде"
03:36
2,06 Мб
Жүктөлгөн: 07-10-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү: Н.Алымовдуку
Обону:С.Бактыгуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн.
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин бүтпөй,
Сезимдердин бүтпөй,
Сезимдердин бүтпөгөнү бүтпөгөн.

Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлонбой койбогонум, койбогон.
Сен дегенде жарк дей түшүп кабагым,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.

Көңүл сен деп түтпөгөнү, түтпөгөн,
Көп санаанын бүтпөгөнү, бүтпөгөн
Сенден калган күн курусун, курусун,
Сезимдерден ким ай,
Сезимдерден ким ай,
Сезимдерден ким өчүрөт күч менен.

Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбырап кой уялбай...

Комментарийлер (3)

20.03.2016. 23:11
 muzykant
кээ бир жеринен экинчи голос кечигип кетип жататда
20.03.2016. 23:13
 muzykant
урматтуу админ ушул ырдын автору жонундо маалымат алып жазсаныздар жакшы болот эледаа
21.03.2016 10:11
admin_media
muzykant,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо