Абдыманап Төрөбеков "Оо, жаштык"
04:32
10,37 Мб
Жүктөлгөн: 07-10-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 1.00/5
(1 добуш)
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин жете албадым, армандамын.

Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?

Күйдүрүп күндөн-күндө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.

Кайырма:

Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

22.10.2013. 18:05
 gvlqoro
бар болуң ага !!! биз ушул ырлар менен өстүк .
01.07.2014. 18:22
 gvlqoro
бекем денсоолук , кажбас кайырат , узун өмүр жар болсун ага .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо