Кылмыштар, кырсыктар: "Бакыт Букаевди аябай кыйнап өлтүрүшүптүр" дейт Нурдөөлөт Копоев
00:07:13
77,99 Мб
Жүктөлгөн: 14-11-2013


БАКЫТ БУКАЕВДИ АЁОСУЗ КЫЙНАП ӨЛТҮРҮШҮПТҮР
Бишкекте белгилүү шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапты. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен табылды. Маалыматтарга таянсак, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын канжалаган жансыз денесин көрүптүр. Окуя болгон жерде иликтөө тобу иш жүргүзүүдө.
44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.
  • Currently 2.14/5
(7 добуш)

Комментарийлер (45)

14.11.2013. 19:10
 Kunnur
Биздин кыргызстан качан онугобуз билбейм.ал адамды табышса го жакшы болмок.эгер ар бир домдун подьездеринде камералар болгондо оной табылмак ушуга окшогон акмактар.андай камераны койушту биздин чондор курсагын багып отуруп ойуна да келтирбесе керек
14.11.2013. 19:19
 aiperi2013
менда кошулам камера коюуш керек
14.11.2013. 19:57
 AIZANURA
Аябай жаман болуптур,ушуга кантип колу барды экен,ким болсо да кармалып жазасын алса экен.Жаркылдаган адам эмес беле...
14.11.2013. 21:04
 Nurbol
акчага кул болуп адамдар эмнени гана жасабай жатышат,кудай берген омурун уурдагандар жараткандын алдында кандай жооп беришет экен
14.11.2013. 21:18
 boston___
Азыр адамдарга адам олтуруу чиркей олтургондой эле оной болуп баратабы аллахым озун ушундай адамдардым жазасын бергин
14.11.2013. 21:23
 daniyar.
Жанаттан жай берсин Ченебеген жакшы адам эле(((
14.11.2013. 22:27
 kama_future_millioner
Жаман болуптур кайсы мыкачы кылды экен.
14.11.2013. 23:19
 urmat_88-kg
Жакындарына конул айткандан башка айла жок. Жазасын Аллах ОЗУ берсин канкорлордун.
15.11.2013. 10:03
 janaiumka
көрөалбагандар эле өлтүрдү да
15.11.2013. 10:41
 Davlet1994
kaijaka baratabyz kyrgyzdar
15.11.2013. 11:00
 Shah
Нурдоолот Копоев дал ошол киши жасашы мумкун бул кылмышты бул менин жеке ойум.
15.11.2013. 12:02
 Samarays
Мен Копоевден кумон санабайм.Ал экооо абдан ынак болчу.Экинчи ачкычы бар экендигин айтса эле аны куноолой берген туура эмес...Копчулугубуздо эле андай корунуштор болот...
15.11.2013. 12:32
 Izumrud0202
Кантип эле Нурдоолот олтурсун?????....... Аны куноологон туура эмес...
15.11.2013. 12:40
 12.12.12
Эгер милиция кимди куноолу деп тапса, анда ошол куноолу да. Бирок КТРКнын журналисти Нурдоолот маньяк деп айтпай туралы. Бул али эрте.
15.11.2013. 12:50
 bopotik
жайы жаннаттан болсун,койгулачы оз ойунарды айтсанар да ойлонуп айтсанар.биздин кызматкерлер жакшы иштешсе экен эми кылмышкерди тапканга же акча берип чондорду ортого салса эле делону жаап салбай.Микаэлди ким олтургонун деле аныкташкан эмес.башка мамлекеттин артистерин олтурсо таап чыгышмак,эми кандай болоор экен атка минерлер оздору кошулса мумкун табылып калаар.кылмышкерлер оз жазасын алыш керек.эки баласынын каргышы тийер.
15.11.2013. 14:07
 elina
Элдин логикасына тан берем, "экинчи ачкыч менде", дегенден кийин элдин копчулугу Нурдоолот байке болуш керек деп ойлоп жататканына. Нурдоолот байке озу айтып жатпайбы, ал эки кунду биринде Ыссык-Колго кетчи деп, демек ал ачкычты уйго коз салып тур деп берген да. Меним оюмча биз бул ишке кийилишпей эле коелу, аны изилдеп таба турган Милийца агаларыбыз бар.
17.11.2013 08:16
Ukuma
elina, Милиция агаларын, кунолуубу же куноосу жокпу Опер начальник эмне дешсе ошону аткарат.Эгер Нурдоолоттун таныштары кучтуу болбосо ошонуда кунолошот.Бул дело жабылмайын Нурдоолоттунда тынчы кетет.15кг арыктайт.Жайы жаннаттан болсун.Сага ийгилик Нурдоолот.
15.11.2013. 15:06
 NADUW
акчанын айынан эмне эле болуп баратат! эмне Нурдоолот байке жинди беле олтургудой! корунуп эле турат чыныгы достор экенинен! Нурдоолот байке кетпегенде мумкун аны дагы бирдеме кылышат беле.
15.11.2013. 15:48
 Shah
Анан олтургон киши ачкыч менен ичинен бекитип алыптырбы? Ага анын не кереги бар эле? Байкасанар эшик кулпу экен имиш олук ичинде жатат.Мен акча учун эмес башка келишпестиктер даалай эле го.
15.11.2013. 15:49
 Shah
Же олтургон манякта дагы бир ачкыч болгонбу олтуруп анан сыртынан кулпулап кетчуудой!!!
15.11.2013 15:53
mikinookat
Shah, tuura aitasyn....
16.11.2013 03:35
aijamal-19.90
Shah, Sizdin oiunuzga karshymyn emne sozsyz achkych menen kulptamak bele azyr eshikterdin ichinen ele burap anan syrtynan japsa kulptanyp kalat . a4kychy jok ele kulptap koet . Nurdoolot baikenerdin kozynon ele bilse bolotta andan e4 kymon bolbosh kerek.
17.11.2013 08:21
Ukuma
Shah, Сенин башына тушпосун мындай иштер.корбой туруп куноолобо бей куноо адамды.Адамды козунон билсен болот,Нурдоолотту корбодунбу ыйлаганын.калтырап зорго суйлоп жатат.
15.11.2013. 18:58
 elina
менимче Бакыт байке аны тааныган, анткени Нурдоолот байкенин айтусу боюнча эки идиштен кукси ичилген деп. Ал адам ишин аткаргандан кийин балким Бакыт байкенин ачкычы менен эшикти култап кетти
15.11.2013. 19:22
 kanybek1234
Олтуром деген адам мурунтан даярданат,балким ошол олтургон адам Бакыт байкенин озунун ачкычы менен бекитип кеткендир? эгер ачкыч уйдо жок болгон болсо.
16.11.2013. 02:20
 Nora
Bizdin Kyrgyzdar akcha jonundo achyk suiloibuz, kancha akchasy bar jok tigil bul baaryn dos bolobu dushman bolobu dekloraciya berip juro berebiz ushunun kesepetinen myna ushundai okuyalar bolup atat, bir az diskretnyi bolsok jakshy bolmok.
Mumkun alasa beresesi bardyr kim bilet?
16.11.2013. 13:29
 Tattygul
Байкуш жайы жаннаттан болсун!
16.11.2013. 16:34
 tokmok1
ии байкуш синдимдин свадьбасында тамада болду эле
16.11.2013. 16:39
 azman
Shah Нурдоолот чымынга да зыян келтирбеген адам
16.11.2013. 17:53
 Juliakalt
Кантип озунар барды Нурдолот деп тоба кылдым! Менин билишимче НУрдолот жакшы адам! Бакыт байкенин жаткан жери жайлуу болсун!
17.11.2013. 15:41
 aruuzat88
Микаэльдин олуму да ачылбай калган эле,бул да сырдуу бойдон калса керек.
18.11.2013. 11:02
 elvira1980
Аябай жаман иш болуптур!Угуп алып аябай боорум ооруду.Эми акча карыз болобу же ошончолук бироону очоштуруп алган кундо деле жон гана адамча айтып кой тушундуруп,же мейли коркутуп кой анчалык мыкаачылык менен олтургондой эмне кылды экен.Балдарын ата-энесин бир туугандарын деле ойлоп коюшса болмок.адамдар жаныбарлардан кичине эле айырмабыз деле жок болуп барартат озу.Жаткан жери жайлуу болсун.Кыргызда жакшы кеп бар го кылык иш кырк жылда билинет акыры адамдын каны уктатпайт ал зоокурлорду.
18.11.2013. 20:23
 Jazguly12
ushundai mykaachy adamdardy jer kantip kotorup jurot.myndai adamdar jazasyz kalyshpait.
24.11.2013. 14:58
 Ba-xa
кудай жазаласын адамдын омурун кыйган айбандарды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: