00:07:16
77,67 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2014
Автор:Бекжан Рыскулов
Оператор:Кайрат Сарбагышов
Бүгүн, 9-Май – Улуу Жеңиш майрамы. Анын 69 жылдыгына арналган иш-чарага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана өкмөт мүчөлөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышышты. Анда согушта курман болгондорго арналып гүлчамбарлар коюлду. Ошондой эле өлкө башчысы ардагерлерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.