00:09:22
91,86 Мб
Жүктөлгөн: 13-06-2014
Автор:Бекжан Рыскулов
Оператор:Кайрат Сарбагышов
“Кочкор районунда кан соргуч чыгыптыр, койлорду, тоокторду кырып жатыптыр” деген сөз учурда коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бири аны чупакабра десе, бири жолбун ит же чөө дешүүдө. Айрымдары андан кооптонушуп, түнкүсүн сыртка чыкпай калышкан. “Бул эмне болгон жандык экен?” деп кызыгып, Кочкор районуна сапар тарттык. Төмөндө окуянын чоо-жайын иликтеп көрүүгө аракет кылдык.