00:05:03
47,56 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2015
Автор:Бекжан Рыскулов, Максат Орозумбетов
Оператор:Эрмек Райымбеков
Үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Боом капчыгайында жолго топурак аралаш шагыл түшүп, унаа жолу бир канча саат жабык турган. Ошол учурдан пайдаланып, жолдун ачылышын күтүп жатышкан жүргүнчүлөргө тамак-ашын эки эсе кымбат сатышкан соодагерлер да болгон. Мына ошолор тууралуу биринчилерден болуп "Элдик кабарга" маалымат жөнөткөн 22 жаштагы Толгонай Таалайбек кызы август айынын жеңүүчүсү аталды.