00:03:12
30,47 Мб
Жүктөлгөн: 20-10-2015
Автор:Бекжан Рыскулов
Оператор:Эрмек Райымбеков
Бүгүн, 20-октябрь күнү саат 08:00 чамасында Бишкектеги №38-мектеп-гимназиясынын окуу корпусуна 50гө жакын белгисиз балдар кирип, терезенин айнектерин жана дубалга илинген сүрөттөрдү талкалап, 5 мектеп окуучусун сабап кетишкен. Кийин белгилүү болгондой, мектепке бастырып киришкен балдар Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын тарбиялануучулары экени аныкталган.