00:04:50
53,1 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2016
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Айбек Алимов
Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз өлкөсүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Шайлоо жана референдум саат 20:00гө чейин улантылат. Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдалгандай, бүгүн өлкө аймагындагы шайлоо тилкелеринде 500дөн ашык адис жана 9 миңдей оператор иш алып барууда.