01:04:48
728,81 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2017
Автор:Перизат Музуратбекова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге таандык делген Сапат-центрдин имараты курчоого алынды. Нариман Түлеевдин айтымында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттон эч кандай кагаз алып келбей, имаратты курчоого алган. Каржы полициясынын өкүлү: "Сапат-центрдин имараты улутташтырылган, ал Нариман Түлеевге эмес, мамлекетке таандык. Соттун тиешелүү чечими бар", - деди. Имараттын ичинен кеңселерди ижарага алып ишмердүүлүк кылган ишкерлер милиция кызматкерлеринен ичкери киргизүүнү талап кылып жатышат. Бирок орган кызматкерлери киргизбей жатат.