00:10:31
87,31 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2017
Автор:Максат Орозумбетов
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда болгон авиакырсыгынын жабырлануучуларына элден чогулган 102 млн 160 миң сомдон ашуун акчаны таратып берди. Анын ичинен 232 айыл тургундарына 5 миллион сом моралдык колдоо катары бөлүнсө, кырсыктан каза болгондордун жакындарына 2 миллион сомдон берилгени айтылды. Бирок жашоочулар элден чогулган акча калыс бөлүнбөй жатканын айтып, нааразы болушууда.