00:04:40
61,2 Мб
Жүктөлгөн: 30-06-2017
Автор:Илимбек Туратбек уулу
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Бүгүн, 30-июнда Бишкектеги Туңгуч кичи районунда президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Куткаруучулар үчүн курулган турак жай 9 кабаттан турат. Жалпысынан 162 батир бар. Алардын 36сы 3 бөлмөлүү, 54ү эки бөлмөлүү болсо, 72си бир бөлмөлүү. Алардын курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанында балдар аянтчасы дагы бар. Баардык шарттары каралган.