Коом жана турмуш: Аял киши үйдө отуруш керекпи же иштеш керекпи?
00:02:35
88,21 Мб
Жүктөлгөн: 30-08-2017


Автор:Нуржан Сманова
Оператор:Кайрат Сарбагышов

Азыркы учурда "аялдар - базарда, эркектер - казанда" деген ары тамашалуу, ары азыркы учурдун көйгөйүнө айланган сөз эл ичинде көп талкууга алынып келет. Бүгүн, 30-августта биздин жамаат Бишкек шаарынын тургундарына "аял киши үйдө отуруш керекпи же иштеш керекпи" деген суроо узатып, кызыктуу жоопторду алдык.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (8)

30.08.2017. 15:36
 nazira...
Кана эле уйдо отурсам, кандай бактылуу аялдар уйундо отурушат деп суктана берем. Куйоом жалгыз иштеп тапкан маянасы аз анан биз айласыздан иштейбиз да бала-чаканы бутка тургузуш оной эмес го.
30.08.2017. 16:10
 Uzakova.Z.A
Аял киши уйдо отурса жакшы бирок балдары куйоосу мн. кайнене кайната мн отурган кечке алардын ишин жасаган ар кандай создорун угуп отургуча иштеген жакшы го. Бизде уйдогу келиндин кактабай канын алуу деген туура эмес тушунук бар.
30.08.2017. 17:00
 Tolkun555
Эркек киши баарын касыз кылууга милдеттүү.балдарга жакшы тарбия берип үйдө кодойке болуп отурса күйөөсү камсыз кылып турса бул аял бактылуу да.
30.08.2017. 17:36
 12.12.12
Аял киши уйдо отура берсе стерсс болуп кетет. Иштеп, эл менен аралышып жолдошуна да жардам беруусу керек. Ал эми эркек бала жараткан сон ал багууа милдетти. Бирок экоо бирин бири тушунуп, иш алып барса финансы бир капчыкка эле тушот да. Жашоо дагы оной. Аял-эркек бир бутун дейт го.
30.08.2017. 17:39
 damir007
Бир уй-було болгондон кийин экоо тен аракет кылышы керек.Бирге иштеп,уй-булону багыш керек.Азыркы заманда бир адамдын зарплатасы бир уй-булону багууга жетпейт!Мени куйоо багыш керек деген аялдар болбойт!
31.08.2017. 10:07
 Fekus
Карап турсаң бирөө дагы нукура кыргызча сүйлөбөдү. Кайран кыргыз тилим, "основной", "работа", "обеспечивать", "смотря" деген сыяктууларды кыргызча эле айтсак болот го((((
01.09.2017. 08:51
 gulaza
Качан иштейт экенмин уйдо отура берип отура берип окшош кундор дагы да отурам шугур жаратканга буйрубаса айла жок экен
07.09.2017. 23:35
 defne15
Куйоосу иштетсе иштесе болот.Мага жагат иштеген.Бирок балам бир аз кичинекей да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: