00:08:43
72,35 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2018
Автор:Гүлжан Асанкожоева
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Бүгүн, 13-августта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өттү. Аталган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Жыйында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө маалымат берилип, талкууланды. Иш-чаранын аягында аталган долбоор боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле 2020-жылга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси да каралды.