00:00:52
7,19 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2018
Автор:Нуржанат Медетбекова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
24-август күнү "Тез жардам" унаасы кош бойлуу келинди Каракол шаарынан Бишкекке алып бара жатып жеңил унаа менен сүзүшүп, андан 5 адам жаракат алган. Учурда жабыркаган жарандардын ичинен келиндин абалы оор болуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Ал учурда Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми курсактагы баласы ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн чарчап калган.