00:00:59
7,54 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2018
Автор:Нургазы Аматов
Оператор:Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Аида Касымалиева чиновниктердин мамлекеттин эсебинен болгон үй-бүлөлүк сапарларына нааразы болду. Эл өкүлүнүн айтымында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басарлары премьер-министрдин уруксаты жок чет өлкөлөргө чыгып кетишүүдө.
Башкы прокуратура бул фактылар боюнча иликтөө жүргүзүүнү убадалады.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова анын дарегине айтылган айыптоолор боюнча жооп берген эмес.