00:02:26
39,81 Мб
Жүктөлгөн: 26-09-2018
Автор:Илим Туратбек уулу
Оператор:Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Айдоочу бүгүн эртең менен Шопоков көчөсүнүн аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кармалган. Кечээ, 25-сентябрда интернетке "Мега Комфорт" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.