00:01:02
7,23 Мб
Жүктөлгөн: 19-10-2018
Автор:Жамалидин Парманкулов
Оператор:Руслан Алыбаев
2017-жылдын 9-сентябрында Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп кармалган 67 жаштагы Казыбек Беков аттуу жарандын күнөөсү далилденген жок. Аны 15 жылга камоо боюнча райондук соттун чечими Чүй облустук соту тарабынан өзгөртүлүп, 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Сот чечимине ылайык, жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөмөкчү. Кыздын апасы облустук соттун чечимине каршы экенин билдирип, Жогорку Сотко арыздана турганын билдирди.