00:29:13
263,77 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2019
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Элчибек Кыштообаев
Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча соттук алдын ала уктуруу өттү. Буга чейин да соттук алдын ала уктуруу 2 жолу белгиленип, 2 ирет тең ага айыпталуучулардын бири Алмазбек Атамбаев келбегендиктен, бүгүнкүгө жылдырылган болчу.