00:06:38
131,91 Мб
Жүктөлгөн: 02-06-2020
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Кызжибек Раимова
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда ИИМ маалымат берип, Саймаитини Түркияда өлтүрүүгө 4 киши келгенин, анын бири, тагыраагы буйрукту аткарганы өзүн Өзбекстандын жараны деп тааныштырганы айтылды. Ал Түркияда өз көрсөтмөсүндө Сирияда машыкканын билдирген.