Cоңку кабар: БШК “Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тартты.
00:04:31
54,92 Мб
Жүктөлгөн: 25-08-2020


Автор:Бактыгүл Султаналиева
Оператор:Айбек Алимов

Кечээ, 24-августта саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоодо ат салыша турган саясий партиялар тиешелүү документтерин тапшырып бүтүшү керек болчу. Кечээ кечинде БШКнын алдына "Кыргызстан" партиясы документин кеч тапшырды, ага карабастан ал кабыл алынган деп нааразы болгон тараптар топтолушуп, БШК өкүлдөрү менен жолугушкан.
Бугүн, 25-августта кээ бир партия өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына кайрадан чогулушкан. Анда келгендер шайлоодо каралган мыйзамдар бардыгына бирдей иштеши керектигин айтып, жумушчу топтун өкүлдөрү аларга каттоо журналында туура эмес жазылган убакыт боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.
Буга карата БШК өкүлдөрү атайын жыйын өткөрүшкөн. Жыйынтыгында “Кыргызстан” партиясынын тапшырган документтерин артка кайтаруу боюнча чечим кабыл алынган.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: