"Толсун Сулайманов - "Кызгалдагым""
05:26
4,99 Мб
Жүктөлгөн: 19-11-2013
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Толсун Сулайманов - Кызгалдагым

Саргайып санай бердим ар бир күндү,
Сагындым гүлдөн бүткөн элесиңди.
Өзгөнү бир өзүңө ыраа көрбөй,
Сагынтпай келесиңби?, келесиңби?
Өзгөнү бир өзүңө ыраа көрбөй,
Сагынтпай келесиңби?, келесиңби?

Кайырма:

Тагдырга таалай болуп аткан таңым, аткан таңым,
Тараткан кумарымды сенсин жаным, сенсин жаным.
Карааның карегимден кетпей койду, кетпей койду,
Кайдасың менин сүйгөнүм, кызгалдагым, кызгалдагым.

Сенсиз мен – мөмөсү жок дарактаймын,
Сенсиз мен эч нерсени жаратпаймын.
Сезимге сиңип калган сенин атың,
Сени ойлоп ашыкпаган менин кайгым.
Сезимге сиңип калган сенин атың,
Сени ойлоп ашыкпаган менин кайгым.

Кайырма:

Тагдырга таалай болуп аткан таңым, аткан таңым,
Тараткан кумарымды сенсин жаным, сенсин жаным.
Карааның карегимден кетпей койду, кетпей койду,
Кайдасың менин сүйгөнүм, кызгалдагым, кызгалдагым.

Өзүмдүн өмүр гүлүм кызгалдагым,
Өзүңсүз кусалыкта сезим жалын.
Ук жаным акыркы ирет суранарым,
Жүрөктүн кайгы тагын ырбатпагын.
Ук жаным акыркы ирет суранарым,
Жүрөктүн кайгы тагын ырбатпагын.

Кайырма:

Тагдырга таалай болуп аткан таңым, аткан таңым,
Тараткан кумарымды сенсин жаным, сенсин жаным.
Карааның карегимден кетпей койду, кетпей койду,
Кайдасың менин сүйгөнүм, кызгалдагым, кызгалдагым.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо