Марлис Сулайманов – «Кереметтүү Ысык-Көл»
03:24
3,12 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2014
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Сөзү: Жыпара Акунованыкы;
Обону: Марлис Сулаймановдуку
Оо Ысык-Көл – кереметиң керемет,
Перидейсиң он сегизге жете элек.
Толкундарың тосуп чыгып аймалап,
Амандашып, башын ийет чөгөлөп.
Толкундарың тосуп чыгып аймалап,
Амандашып, башын ийет чөгөлөп.
Жан дүйнөмдү удургутуп бир сезим,
Көл ичинде жалын болуп жагылам
Келгенимде мен өзүңдү сагынып,
Наристедей толкунуңа бой урам.
Келгенимде мен өзүңдү сагынып,
Наристедей толкунуңа бой урам.
Оо Ысык-Көл, кереметтүү Ысык-Көл,
Чалкып кээде, кээде толкуп тараган.
Кереметтүү келишкен бир чүрөксүн,
Кыргызымдын маңдайына жаралган.
Кереметтүү келишкен бир чүрөксүн,
Кыргызымдын маңдайына жаралган.
Комментарийлер (0)