Асанкалый Керимбаев - Жамийла
05:06
1,17 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2014
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Бул аудионун сапаты ойдогудай болбосо да, "жоктон жогору" деген ойдомун.

   Көз ачып жарыкка үңүлгөн,
   Туулган жер чыгабы көңүлдөн.
   Күлгүн кез өткөндө өзүңдөй,
   Гүл терип жайыгың, төрүңдөн.
   Саяңды самачу кулунуң,
   Сагынчы көөдөндө көмүлгөн.
   
   Өмүрдө түшүрбөс желегим.
   Өксүсөм дем кубат берерим.
   Мээримдин илебин туямын,
   Өзүңдөн атанын, эненин.
   Айланар сен алтын казыгым,
   Адашпай кайрылып келерим.
   
   Туулган жер сен алтын казыгым.
   Тунуткан сулуунун назылын.
   Тагдырга арманым айтамын,
   Тапкан жан арзыган асылым.
   Каркыра мен болдум издеген,
   Кайда деп кара көз ашыгым.
   
   Өрттөсөң кайылмын жалынга.
   Өмүрлүк бол чиркин жаныма.
   Тагдырга миң ирет ыракмат,
   Перизат сени айткан багыма.
   Обондун купуя сыры бар,
   Кайрыгы Жамийла, Жамийла.
   Ырымдын купуя сыры бар,
   Кайрыгы Жамийла, Жамийла.

Комментарийлер (1)

17.06.2015. 15:27
 laki
Кайрыгы Жамийла, Жамийла...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо