Достук тобу: Жакшылык, Самат - Ак көйнөк
03:10
5,8 Мб
Жүктөлгөн: 11-06-2014
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Ак Көйнөк.
Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.
Сени күтүү - зор бакыттын дал өзү,
Сени күтүү - ак сүйүүнүн өзөгү.
Ал ансайын сендик сезим артылып,
Сага болгон махабатым күчөдү.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
Басалы бул эски бакты аралай.
Сапырылган жалбырактар шуудурап,
Кыялымды алып учат сабалай.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Комментарийлер (0)