Алымбек Сооронбаев - Апама
04:44
5,46 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2014
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 1.00/5
(1 добуш)
Сиз бар үчүн менде болбойт муң кайгы,
Кечириңиз уулуңуздун болсо айыбы.
Күнгѳ окшош деп жаңылыпмын мен сизди,
Тескерисинче күн сисге окшош турбайбы.

Ажарымсыз, асылымсыз менин энем,
Бул саптарды сизге арнап жазып келем.
Аябаймын эч нерсемди сиз үчүн,
Керек болсо курмандыкка жаным берем.

Мээримиңиз мага чексиз тѳгүлгѳн,
Сиз аркылуу дүйнѳ тунук кѳрүнгѳн.
Эч убакта жүрѳгүмдѳн ѳчпѳйсүз,
Ѳтсѳңүзда бул кең турмуш ѳмүрдѳн.

Бакытымсыз, таалайымсыз менин энем,
Чарчабастан сизге алкыш айта берем.
Адам болдум ордумду таап жашоодон,
Сиздин айткан «АЛГА»- деген девиз менен.

Сиздин жүрѳк бир кири жок суудай тунук,
Орун алган эмес анда бузукулук.
Жараткандан сизге арналып берилген,
«ЭНЕ» деген атыңыз бар чексиз улук.

Ардагымсыз, кымбатымсыз менин энем,
Пейилиңиз бардыгына дайым кенен.
Айтыңызчы канткенде мен актай алам,
Сүйүүңүздү, сүтүңүдү мага берген.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо