Роза Шакирова-Жаштыгым менен сырдашуу (минус-задавка)
03:21
3,08 Мб
Жүктөлгөн: 01-04-2015
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Ойлосом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.

Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экенмин байкабай.

Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай жаштык турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.

Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек

Комментарийлер (2)

03.04.2015. 05:50
 Aichoy
Урматтуу админ!ушундай караоки ырлардан коп коптон жуктоп турсанар соонун болмок!м:Д.Акулованын Г.Сатыбековдун ырларынан.
19.04.2015. 20:24
 2014_samat_DJ
Урматтуу админ Кыргызымдын жигиттери деген ырдын минусун таап бергилечи сураныч рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо