Индира Кабылбаева-Кандай жакшы
03:34
6,53 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2015
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Индира Кабылбаева - КАНДАЙ ЖАКШЫ
Көздөрүм карап сени талбай жатты,
Сөздөрүң көңүлүмө балдай жакты.
Сүйгөнү ак сүйүүсүн арнап турган,
Дүйнөнүн бар экени кандай жакшы.
Күлгөнүң тартуулады таалай-бакты,
Күн дагы билбей калдым кандай батты.
Сүйөм деп айткым келет кайра-кайра,
Сезимдин бар экени кандай жакшы.
Кубаныч коштоп бизди жандай басты,
Кумарым бул дүйнөгө канбай жатты.
Бир келген өмүрүмдү жалгыздатпай,
Өзүңдүн бар экениң кандай жакшы.
Өзүңдүн бар экениң, сезимдин бар экени,
Жашоонун бар экени кандай жакшы,
Дүйнөнүн бар экени кандай жакшы.
Комментарийлер (1)