Азиз,Роза Шакирова , Айнура Салахидинова "Эски досторго" (Минус)
02:55
2,77 Мб
Жүктөлгөн: 28-11-2016
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген бизди бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калды дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил жоктобой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар-кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга,
Байлыгым бар эски достордой.
Комментарийлер (1)