Урмат Усенов, Неля "Ак сүйүү"(минус)
03:12
7,31 Мб
Жүктөлгөн: 22-02-2017
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Сөзү : У.Усеновдуку
Обону : Б.Азимовдуку
Тагдырдын тайлагындай,
Тал чыбык байлап тынбай.
Тамырын соккон ыр ырдай,
Таалайым, турмуш ушундай.
Муканган ырлар кетти,
Муш алган кырга жетти.
Махабат берметин септи,
Мас кылып жүрөк дегдетти.
Кайырма:
Жар салып сүйүү кушундай,
Махабат таттуу ушундай.
Кыялкеч кырчын кулундай,
Кылымга турсун бузулбай.
Таттуусун тартсамбы дейм,
Талыкса жазсамбы дейм.
Таңымды таанып бир сиз дейм,
Таарыныч такыр билгизбейм.
Чеп коюп коргосом дейм,
Чеп болуп орносом дейм.
Чер жазып эрги көз ирмейм,
Эпсиздик такыр билгизбейм.
Кайырма:
Комментарийлер (6)