Максат Кулуев - Жөнө балам
04:01
6,41 Мб
Жүктөлгөн: 18-10-2017
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 3.60/5
(5 добуш)
Сөзү, обону: Максат Кулуевдики
Жөнө балам сен чоңойдуң
Айыл журтка барып кел
Айыл апа кандай жатат
Бир кабарын алып кел
Чоң атаңдын короо жайын
Чөп баскандыр белчеден
Чалдын сөөгүн бир агартып
Чар тарабын чабып кел

Кайрыма:
Айда балам жылкыңды
Ата баба журтуна
Ат дүбүртү атам үнү
Бир жаңырсын кыр кырда
Жети атаң баскан жер
Жетеси бүт жаткан жер
Мени тартпай чоң атаң тарт
Журт таштабайт кыргызда.


Ээсиз калган жайыт дагы
Малын журтка айдап кел
Ээсин дагы сагынгандыр
Дал өзүндөй жайгап кел
Мен кеткенде минген аты
Аза тартып бош эле
Чоң атаңдын мамысына
Чабдар атын байлап кел

Кайрыма:
Айда балам жылкыңды
Ата баба журтуна
Мен куруюн шаар кезип
Айыл калды унутта
Кол чаначтан кымыз ичкен
Кыргыз элем кырдагы
Тундурмадай тунук кезим
Төгүлдүңбү турмушта


Чоң апаңдын кемегесин
Бир түтөтүп жагып кел
Келинге деп тикен эле
Көшөгөсүн тагып кел
Коңшу колоң туугандарга
Үйдү жайды табыштап
Көңдө калган жалгыз така
Там бооруна кагып кел.
Кайрыма:

Комментарийлер (11)

18.10.2017. 11:07
 Rasul94
жуктогон адамга чоон ыраазычылык.бар болгула
18.10.2017. 14:52
 Nany
Жакшы чыгыптыр
18.10.2017. 14:55
 Nany
Урматту админ мен кантип р кошо алам
18.10.2017 15:15
admin_media
Nany,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
18.10.2017. 16:13
 Asan_Nookatk.kg
Рахмат сиздерге
18.10.2017. 18:10
 Gimi_poi
Жакшы ыр болуптур.
19.10.2017. 21:54
 MaksAruna
Мыкты
21.10.2017. 01:52
 Birimdik5555
Сонун ыр экен,айылды балалыкты эстетет экен
21.10.2017. 03:13
 Ali-han
Айылга кетким келип кетти го...
23.10.2017. 08:08
 Isco23
Максат аке азаматсыз ишинизге ийгилик. Мурда номеринизди алган элем,ырларынызды жонотуп турчу элениз,ал ном очуп кетип сиздики да жоголуп кетип ырларыныз келбей калды. Эгерде ушу коментти окусаныз сураныч сизден номеринизди калтырып кетинчи
28.09.2020. 08:50
 askar_myrza
Мааниси өтө терең ыр экен ! Эң мыкты ыр ! Мыкты обон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо