"Жаз жамгыры" - Эламан Жалалов
03:28
7,92 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2018
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
"Жаз жамгыры"
сөзү:у.Омокеев
обону: Т.Колдошов
Эстедим жүрөк жабыркап,
Эми ал кез кайдан табылдмак.
Ак булут төгүп көз жашын,
Жамгырлуу жазды сагынтат
Жамгырлуу жазды сагынтат.
кайырма:
Сүйүүнүн муңдуу кайрыгы,
Ичтеги козгоп кайгыны.
Көйнөктөр өтмө суу болуп,
Көнөктөйт жаздын жамгыры.
кайырма:
Жашырбай сырың айтылар,
Сүйгөнүң балким бар чыгар.
Жамгырбы жашпы билбеймин,
Көзүңдөн тамат тамчылар.
кайырма:
Жашырбай сырың айтылар,
Сүйгөнүң балким бар чыгар.
Жамгырбы жашпы билбеймин,
Көзүңдөн тамат тамчылар.
кайырма:
Жанымда жакын туруп да,
Сырдуусун окшоп булутка.
Унутсаң мейли мени унут,
Жамгырлуу түндү унутпа
Жамгырлуу түндү унутпа.
Комментарийлер (0)