03:18
7,55 Мб
Жүктөлгөн: 14-11-2019
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
"Ашыкмын"
Созу:Жыргалбек Шакиров
Обону:Замир Мырза
Суктантат сенин келбетиң,
Сунайын сүйүү берметин.
Жактырбай сүзүп көзүңдү,
Жаралуу кылба сезимди.
Унутпайм күткөн мезгилди,
Жүрөктөн арнап сезимди.
Уурданып сүйүп мен сени,
Уйкудан калган кезимди.
Кайырма:
Оюмда сенсиң,
От болуп жанган.
Жүрөмүн жетпей,
Сүйүүңө арман.
Көрүнүп койчу,
Кусадар кылбай.
Ашыкмын сага,
Ашыкмын абдан.
Жадабай жолуң караймын,
Жалынып сүйүп, самаймын.
Угар деп менин үнүмдү,
Өзүңө карай барамын.
Жүрөгүм толуп кусага,
Чыдабай барам ызага.
Толтуруп сүйүү кесесин,
Тойгузчу мени, садага.
Комментарийлер (0)