Бекбол Бакыт уулу , Тариел Аманов - "Сага карай жол издейм"
04:22
9,99 Мб
Жүктөлгөн: 19-10-2021
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Сөзү: Сагынбек Молдоев
Обону: Корей элиники
"Сага карай жол издейм"
Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тумжурап.
Бүгүн булуктум көңүл чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.

Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?

Арманым ичке батпай,
Айласын изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо