АРМАН тобу "Той ыры"
04:19
3,96 Мб
Жүктөлгөн: 08-03-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 4.00/5
(10 добуш)
Мына бүгүн салты менен кыргыздын,
Эки жаштын үлпөт тою ачылды.
Жоолук салып, ак калпакты кийгизип,
Жакшылыкка чачылалар чачылды.

Сулуулугу эки жаштын жаркырап,
Алтын, кундуз ширесиндей жакуттун.
Көз тийбесин турмуш жолдо бир болуп,
Ак өргөөңөр үйү болсун бакыттын.

Кайырма:
Куттуктайбыз, кол кармашкан,
Ак никелүү жар-жар, ай.
Кубанабыз гүлдөр сунуп,
Күбө болуп жар-жар, ай.
Куттуктайбыз, бакыт болсун,
Өмүрүңөр жар-жар, ай.
Түбөлүктүү аруу болсун,
Ак сүйүүңөр жар-жар, ай,
Жар-жар, ай...

Чоң аталар накыл сөзүн жаадырып,
Ак батасын эки жашка айтышты.
Кулдук айтып, башын ийип, сый болуп,
Эки куда миң жылдарга табышты.

Болсун дейли келечекте бешик той,
Куттук алып, кучактарга гүл толсун.
Эриш-аркак кол кармашкан эки жаш,
Ак жолтойлуу, ак тоюңар кут болсун!

Кайырма:

Комментарийлер (6)

10.03.2012. 00:07
 NYIWA
такая классная и весёлая песня)))))))
11.03.2012. 01:18
 supeeri
эН СООНУН АЗАМАТсынар талатынар оркундой берсин!
16.03.2012. 11:50
 Neo
Жар-жар ай деген созду айта албай коюшуптур
18.03.2012. 11:44
 Nursultan.m.n
азаммат мен арман тобунун ырларынан укчу эмес элем жакшы ырдашат экен супер!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!11
18.03.2012. 20:39
 Uran-0332
en sonun yr eken! Kaiyrmada yrdagan baldardyn yny abdan jakty!
12.06.2012. 23:00
 placer
Эмне дейм, коп ырлардын арасында журо берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо