Асамиддин Мухиддинов - Энсеп сагынам
04:41
4,29 Мб
Жүктөлгөн: 19-06-2012
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Созу: Асамиддин Мухиддинов
Обону:Асамиддин Мухиддинов
Музыкалаштырган: Тахир Каримов
Эңсеп сагынам!
Жазгы керемет, жамгыр себелеп,
Жүзүңөн сүйүп тамчы эркелеп,
Жандай секелек, ойноок эселек,
Жел сылай саамайыңдан серелеп.
Жаралгансып жаның жамгырдан,
Жайнап турчуу жүзүн албырган.
Жарк этип күн чыккансып жаңыдан,
Жылмайганың эстеп сагынам!..
Эңсеп сагынам!
Жанга тенебей жактырчуу элең,
Жамгырын жаздын, жазып ыр менен.
Жайнап кун бою төгүлчүү кечте,
Жашооң да жаздын гүлүндөй белем?...
Жан элең жаз гүлүндөй ачылган,
Жыпар жыт, жалбырагы жашылдан.
Жалгандан чын дүйнөөго шашылган,
Жакшым сени, эстеп сагынам!
Эңсеп сагынам!
“Жыйып ой, эсин, жашоо эсесин,
Жаша мен учун да” деп керээзиң,
Жазган экенсин, жашоомдун ээси,
Жаратып сезимдин эң сересин!
Жол карап күтүп кеткен жагыңа,
Жеталбай жандан кечип жаныңа,
Жоолугаарбыз деп Бейиш багынан,
Жакшы үмүттө эстеп сагынам!
Эңсеп сагынам!
Асамиддин Мухиддинов
23.07.2010-жыл.
Комментарийлер (5)