Мухиддинов Асамиддин - Акыркы жолугушу
04:54
4,5 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2012
Сөзү:Асамиддин Мухиддинов
Обону:Эрмамат Сопиев, Музыкалаштырган: Тахир Каримов
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 3.00/5
(1 добуш)
Акыркы жолугушуу

Нөшөрлөп жаздагы жамгырдай,
Нөшөрлөп, көздөн жаш басылбай.
Буулуккан сезимдин түбүндө,
Белгисиз сыр жатты, ачылбай.

“Кечир” деп, чубалтып көз жашың,
“Кечир” деп араңдан сөз айттың.
Кечирчү күнөөңдү биле албай,
Күмөндөп миң ойду мен жаттым.

Көп турдуң көз жашың тыя албай,
Көп турдуң эсиңди жыя албай.
Жароокер жүрөгүң түтпөстөн,
Жал ооруп көп турдуң, кыя албай.

Коштоштук, “Кош бол” деп айта албай,
Коштоштук аргасыз тайсалдай.
Турмушта ким менен болсоң да,
Тиледим түгөнбөс бак-таалай.

Тагдырыбыз бирге болбоду.
Тагдырыбыз бизди кошподу.
Ортобуздагы тунук махабат,
Өткүн жамгыр же түшкө окшоду...

Асамиддин Мухиддинов
05.11.2006-жыл.

Комментарийлер (1)

24.06.2012. 14:32
 kyrgyzshaa
сөзу жакшы еле жазылыптыр обону музыкасы жаккан жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо