Марлис Сулайманов - "Жароокерим"
03:44
3,44 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2012
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Сөзү: Эркинбек Сулайманов;
Обону: Марлис Сулайманов;

Мен сени сагынып жаным,
Кусаланамын,
Кумарланамын.
Көңүл зарыгып дайым,
Сабалап учамын,
Сага ардагым.

Кайырма:

Сени самаймын,
Жолуң караймын,
Жолукчу күндү санаймын.
Жарык маанайым,
Жарпың жазайын,
Асылым, бакыт-таалайым.
Сени самаймын,
Жолуң караймын,
Жолукчу күндү санаймын.
Жарык маанайым,
Жарпың жазайын,
Жароокерим.

Сүйүүмдүн тумары болчу,
Үмүт жандырган,
Тапкан тагдырдан.
Жашоо кумары болчу,
Эсимден тандырган,
Мени азгырган.

Кайырма:

Көңүлүм аччы,
Сагынчым жазчы,
Көкөлөт көккө маанайды,
Жыргалым болчу,
Ырдарым болчу,
Тартуула мага таалайды.
Көңүлүм аччы,
Сагынчым жазчы,
Көкөлөт көккө маанайды,
Жыргалым болчу,
Ырдарым болчу,
Жароокерим.

Кайырма:

Жараткан эгем,
Жараткан экен,
Жашоомо сени берекем.
Жабыркап келем,
Жалгыздыктан мен,
Жаныма келчи көлөкөм.
Жаңырып келген,
Жакшы ырым менен,
Жан сырым өзүңө чечем.
Жарыгым белең,
Жан сырым элең,
Жароокерим.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо