Марлис Сулайманов – "Жакшы көрөм"
03:16
7,48 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2012
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Марлис Сулайманов – «Жакшы көрөм»

Сөзү: Каныбек Ноорузбаевдики;
Обону: Марлис Сулаймановдуку;

Жакшы көрөм, мен сени жакшы көрөм,
Жалын чачып, от болуп күйүп денем.
Көп ичинен өзүңө көңүл байлап,
Көөнөрбөс сыр, чоң максат, үмүт менен.
Көп ичинен өзүңө көңүл байлап,
Көөнөрбөс сыр, чоң максат, үмүт менен.

Жакшы көрөм, мен сени жакшы көрөм,
Көңүл толкуйт, эстесем жибип денем.
Кулагыңа шыбырап айткым келет,
Жүрөгүмдө катылган сөздү белен.
Кулагыңа шыбырап айткым келет,
Жүрөгүмдө катылган сөздү белен.

Жакшы көрөм, мен сени жакшы көрөм,
Көңүл толкуйт, эстесем балкып денем.
Эделвейстей кол жеткис бийиктигиң,
Колум сермеп жете албай арзып келем.
Эделвейстей кол жеткис бийиктигиң,
Колум сермеп жете албай арзып келем.

Урмат менен өзүңө көңүл бөлөм,
Учурашсаң жеткенсип көккө төбөм.
Айтпасам да ачып сыр ак дилимден,
Жакшы көрөм, мен сени жакшы көрөм,
Айтпасам да ачып сыр ак дилимден,
Жакшы көрөм, мен сени жакшы көрөм,

Комментарийлер (1)

06.07.2013. 14:39
 mamashovich88
Аябай сонун ыр! Марлис братан алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо