Марлис Сулайманов - "Билип кой"
03:19
3,05 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2012
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.
Сөзү: Надырбек Алымбековдуку
Обону: Марлис Сулаймановдуку
Жүрөктүн сен дейт жардыгы,
Жүдөткөн ойдун бардыгы
Ант урсун баары сен үчүн,
Ал тургай ичтин тардыгы.
Кайырма:
Көңүлдүн гүл багы,
Көксөгөн асыл дил дагы,
Билип кой, сен үчүн,
Биз сүйгөн сырдуу түн дагы.
Дилимдин сайрайт торгою,
Тилегин айтат болгону.
Өзүңдү каалайт билип кой,
Өзөктү жарган толгонуу.
Кайырма:
Көңүлдүн гүл багы,
Көксөгөн асыл дил дагы,
Билип кой, сен үчүн,
Биз сүйгөн сырдуу түн дагы.
Дилимде санаа нечен бар,
Түйшөлгөн жүрөк кеселдир.
Кыйналып жетпей жүрсөм да,
Кымбатым мени эстей жүр.
Кайырма:
Көңүлдүн гүл багы,
Көксөгөн асыл дил дагы,
Билип кой, сен үчүн,
Биз сүйгөн сырдуу түн дагы.
Комментарийлер (0)