Эмир - Келечекте мен...
03:36
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 05-04-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
- Ата.
- Оо, балам.
- Бой жетип жигит болгондо мен,
Оюм бар доктур болсом деген.
- Оюңдан сенин.
- Толтура дары-дармек менен
Оорутпай сени карайт элем.
- Апа.
- Оо, жаным.
- Айтчы, сен ким болгун дейт элең?
Же айдоочу болоюнбу мен?
- Мейли, балам.
- Айлантып сени жүрө берем,
Ак түстүү жаңы Мерседес менен.

- Балам.
- Оо, ата.
- Болсо эле алтын башың аман,
Бой жетип чоңоёсуң анан.
- Ий, качан?
- Алдыңда келечектүү заман,
Албетте, бактылуусуң, балам.
- Ата.
- Оо, уулум.
- Миллион акчаларды элеп,
Бизнесмен деле болгум келет.
- Максатыңан сенин.
- Ал үчүн эмне кылуу керек?
Жетемби талбай кылсам мээнет?

- Апа.
- Оо, секетим.
- Же учкуч мага жарашабы?
Суктанып кыздар карашабы?
- Албетте, балам.
- Бийикте учуп жүрсөм дагы
Калтырбайм сени менен атамды.
- Балам.
- Оо, апа.
- Болсо эле алтын башың аман,
Ким болсоң деле мейли анан.
- Ии, кантсем экен?
- Алдыңда келечектүү заман,
Албетте, бактылуусуң, балам.

Комментарийлер (1)

24.03.2014. 22:03
 begusia
Сонун ыр)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо