С.Момбеков "Кыргыз болбой калганбызбы"
03:30
0,6 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2013
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Кыргыз болбой калганбызбы?

Улуубу улуулардын аксакал?
Уулубуз сыйлабаса жакшы атаны.
Кишидей кишилерден уят кетсе-е,
Ким берет балдарына ак батаны?

Батыштын эли каптап калаабызды,
Базардын жели каптап санаабызды.
Кыйкырып: "Аттан" , - десе, баш көтөрбөй,
Кыргыздар кыргыз болбой калабызбы?!

Мурутту сакалды да балдар алды,
Мулжуңдап көсөө болуп чалдар калды.
Көтөрөм жылкылардай топурашып,
Көчөдөн арак издеп маңдар калды.

Ичкичтер итче солуп жатчу болду,
"Иш" десе көп шылтоону тапчу болду.
Керилип үйдө олтурбай келин кыздар,
Килейген жигиттерди бакчу болду.

Кедейлик басып турса төбөбүздү,
Керсейип кара ташка көбөбүзбү?
Алсыздык, ачкалыкка башты салып,
Ар жерде тоголонуп өлөбүзбү?

Билимден балдар качса оңобузбу?
Түтүнүн түркөйлүктүн соробузбу?
Кечээги айтылгандай тарыхтагы,
"Таш кыргыз" жапайы калк болобузбу?

Эңсей берип өткөндү танганбызбы?
Байкуштуктун милдетин алганбызбы?
Окшобой өзүбүзгө барабаатыыыыз. ..
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?

Комментарийлер (2)

25.05.2013. 19:01
 shoma198003
негизи чындыкты айтып ырдайт,ушуну да чондорубуз короалбай жатышат.
29.10.2013. 11:14
 azi
прям мурашки по коже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо