С.Момбеков "Ушакчыны жеңгеним жок"
02:46
0,48 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2013
Көчүрүү
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Ушакчыны жеңгеним жок

Жашымдан мээнет бакты – чөккөнүм жок,
Жакшылык, дөөлөт басты – көпкөнүм жок.
Тыйындан солбурадым байлык үчүн,
Түбүнө түгөнгүрдүн жеткеним жок.

Мансаптын балын жуттум, төккөнүм жок.
Манчыркап манап болуп кеткеним жок.
Бийликтин талаасында дыйкан болуп,
Мончоктоп тер агыздым кетменим жок.

Бир сулуу ашык кылды чырайына,
Бир сулуу салып кетти убайымга.
Армандын отун жагып күйүп-бышып,
Акыры туш келипмин жубайыма.

Жаңылып уу жутупмун өлгөнүм жок,
Жамандык көп азгырды көнгөнүм жок.
Бирөөлөр таш ыргытса аш берипмин,
Бир гана ушакчыны жеңгеним жок.
Бир гана көрө албасты жеңгеним жок.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Айтыш, дастандар
Аралаш
Аудиокитептер
Кыргызча ырлар
Күүлөр
Минустар
Орусча ырлар
Чет тилдердеги ырлар
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо