Жарнамалык роликтер: "Идеальная Свадьба" үйлөнүү үлпөт агенттиги
00:01:40
7,64 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2014


"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)

Комментарийлер (54)

25.04.2014. 21:00
 Almazbek79
Баасы чачынды жулуп алса керек ? )))
25.04.2014 21:23
KG_01
Almazbek79, Хахах туура айтасын брат ))))
26.04.2014 04:39
ulanbekzaripa
Almazbek79, брат жыгылып калдымго)))))) мындай соз укпагам))))ха ха соз экен
26.04.2014 13:57
Nasikat_
Almazbek79, Урматтуу Алмазбек баасы кадимкидей эле, бизде ырчы, бийчи, тамадалар канчага барат ошондой эле баа. Биз болгону баардыгынын башын бириктирип, той ээлерине оной шарт тузуп беребиз. Эн негизгиси уюштуруу кызматы бекер, агенттикке акы толонбойт той ээси тараптан.Кооптонбой эле келе берсенер болот. :)
26.04.2014 21:44
Almazbek79
Nasikat_, Баягы Күлкүлятор деген кинону билесинби ? Кыз троллейбуста ордун Апага бошотуп берет !!! ( Компас ) Йе кызым анан сен ордун үчүн акча сурабайсынбы ? ( Кыз ) Жок Апа эмнеге сурамагам элем? ( Компас ) Билбейм силер шаардыктар ушундай турбайсынарбы, Адегенде сыйлап, анан акча сурап алат экенсинер )))) Анысы кандай сыйлап туруп чачты жулуп албайсынарбы ? дегенимда )))
26.04.2014 21:56
Nasikat_
Almazbek79, :) Кулкулуу мисалдарды келтирип бердиниздер. Чоон рахмат, жагымдуу маанай тартуулаганынызга. Андай кыла турган болсок ишибиз журушпой калаар, адал эмгек менен эле оокат кылалы деген ниетибиз бар урматтуум. Кооптонбонуз. Кенсебизге келип кененирээк маалымат алып кетсениз деле болот, консультацияга да акча албайбыз, суйлошуунун ортосунда берилген таттуу кофеге да акча албайбыс :)Бир той кандай уюштураарын толук билип, каражаттары бир тыйыныне чейин кайсы жакка сарпталаарын коз-суз.
27.04.2014 23:33
suiutbekov1989
Nasikat_, беркердин атасы олуп калган дечу беле беркер эч нерсе жокко
28.04.2014 13:06
Nasikat_
suiutbekov1989, Уюштуруу кызматы бекер. Ал эми ырчы, бийчи, тамада, фото жана видео кызматтары албетте акча турат. Роликти кунт конул буруп корсонор баардыгын тушуносунор.
27.04.2014 23:30
suiutbekov1989
Almazbek79, туура айтасын москва бир жыл иштегининди бир саата алып койсо керек
28.04.2014 13:07
Nasikat_
suiutbekov1989, Ал акча болгону сиздин тойго кетет, башка чонтокко тушкон жери жок. Озунуздун жакшылыгныздын денгээлин албетте озунуз чечесиз. Азыр тойду 5000сомго деле откоруп койсо болот бир тоок союп...
25.04.2014. 21:52
 demo009
Оа бирден жулат го,
26.04.2014. 00:14
 malik.87kg
опа опа кана кеттик тойго ушул актер окшотот да
26.04.2014. 01:02
 Uson.91
Orto esep mn ele otkoruw kerek toidu. Anynar kymbat
26.04.2014. 07:34
 rozka
Даа точно чачынды жулат болуш керек
26.04.2014 14:02
Nasikat_
rozka, Жакшылык ээлерине женилдик катары, баардык той кызматтарын бириктирип, ынтымактуу команда тузуп, уюштуруп откоруп беребиз. Баасы кадимкидей эле "рыночный" тагыраак айтканда ар-бир кызмат оз баасында, башка жакта канча турса бизде да ошончо турат. Дагы тактай кетсем Бир тамаданы озуно барып 300$ жалдасанар ошол эле тамада бизде да 300$ турат. Болгону баардык кызматты бир жерге топтоп той ээлерине женилдик катары агенттик ачылды.Кош келиниздер! :)
26.04.2014. 14:20
 peri...97
Женилдик эле эмес,кайра ары бери чуркатып чыкпаган жеринден тер чыгартып ийетго. арзан болсо бир экоо арзанда...
26.04.2014 16:12
Nasikat_
peri...97, Кааласанар уюштуруп озунор чуркап, издеп, ар-кимге чалып, бааларын сурап, салыштырып,оз алдынча деле той откоро бергиле. Эч ким эч бир адамды кыйнабайт. Элге женил кызмат тартууласа да ошол кызмат менен колдоно албагандар арабызда арбын. Ал эми чынында мааракесин бийик денгээлде откоргусу келгендерге биздин эшик ачык. :)
26.04.2014 16:20
Nasikat_
peri...97, Кошумчалай кетсек, дал ушу той ээлерин чуркатпай, алардын ордуна уюштуруу кызматын агенттик той башталгандан бутконго чейин жоопкерчиликти мойнуна алып кызматта турат. Сизди да туура тушуном, мындай кызмат бизде жаны, албетте жаныга конуш бир аз оорураак болот. Андыктан ар-биринерге ийне жибине чейин тушундургонго сабырым жетет Кудай буйруса. :)
26.04.2014 16:33
peri...97
Nasikat_, менда сиздерди абдан жакшы тушунуп турам,кантседа жаны экен озунорго клиеттерди тартыш учун и табыш учун сабырдуу болбогонго арганар жок....сиздерге жаман оюм жок ишинер илгерилей берсин....элибиздин тойдон колу бошобой эле калсын ылайым,сиздер дайым элдин кызматында болуп журо бергиле...анан элибиздин бааары "Идеалная свадьба" откоруп калсын!!!!
26.04.2014 16:37
Nasikat_
peri...97, :) Чоон рахмат Пери каало тилетерине ыраазымын. Чынында биздин тилек жакшылык, той болуп турсун Кыргыз элибизде.
26.04.2014 17:16
sagyn01
Nasikat_, mumkun bolso jalpy summasyn aityp koiboisunbu (ortocho) albette ar bir yrchynyn stavkasy ar bashka dechi
26.04.2014 17:39
Nasikat_
sagyn01, Орточо эсеп менен болжолдуу тойдун баасы (арзан баасы)Алыпбаруучу-300$, Ырчы 300$, Видещ+фото-500$, Банкет 700сом 1-адам.Койнок (ижара) 200$, кортеж жасалгасы менен 3-5 саатка 400$, торт 5000сом, чакыруу ж.б.у.с майда чуйдолоруно болжол менен 200$. Жалпысынан болжол мене 5000$ сарпталат орточо той 200 адамга.
26.04.2014. 19:33
 Dadasdasd
К к к келин киргизүүдө каражатты керектүүсүнө колдонсоң. Кыркка киргенче кыйын кызмат кылбасаң керек к к к.
26.04.2014 20:36
Nasikat_
Dadasdasd, Колдойм сиздин оюнузду да. Кекетпей, кекечтенбей деле тушундурсонуз дурус болмок :) Негизи той 3 негизги мааниге ээ: 1чи- Туугандашуу, 2чи- Элден бата алуу, 3чу Элге (жалпы туугандарга) никесин жарыялоо. Ал эми эки жак чогулуп олтурганда тойдун финансы маселеси орто эсеп менен ушу суммага барып калат биздин учурда. Миллиондоп чач деген жерибиз жок, болгону оной жол корсотуу, уюштуруу кызматындабыз.
26.04.2014. 20:30
 missnelya
Чет олкодогу коп тойлор event manager'сиз отпойт.Бизде да ушундай кызмат корсоткон агенттик ачылганы жакшы болуптур,бирок сурайын дедим эле, силерде таап берген(тамад,музыка ж.б) кызматтан сырткары тойду башкарып берген кызматынар барбы?Тойдун башынан аягына чейин жугуруп-чуркап бутургон?Негизи Кыргызстандагы тойлордо тойдо жургондой болуп деле эс албайсын,тойдун башынан аягына чейин жугуруп журосун.
26.04.2014 20:41
Nasikat_
missnelya, Эн туура суроо бердиниз. Биздин эн негизги максатыбыз мына ушу туйшуктон той ээсин бошотуу. Уюштуруучу болунот озунчо тойго. "Организатор"- деп коелу тушунуктуу болсун учун, баардык финансы, жана сценарий маселеси боюнча башында той ээси менен кенешип калганын озу алып кетет. Албетте той ээси мындай жакшылыкта озу эс алыш керек. Азыркы учурда той берген адам эси ооп тойдон кийин 3-кун озуно келет чынында. Мындай койгой менен бетме бет туртушкондо онойлотуу жолдорун издейт экенсин. :)
26.04.2014 21:28
missnelya
Nasikat_, туура айтасыз, мен мисалы Алматыдагы тойдон кийин созсуз турдо ивент менеджер керек экенине козум жетти. Той башынан аягына чейин ирээттуу отот экен.Эч ким тизгинди талашпай,аны унуттум-муну унуттум деген нерсе жок,сонун болот экен.Андыктан сиздерге ийгилик, той болсо сиздерге созсуз кайрылабыз.
26.04.2014 21:50
Nasikat_
missnelya, Бугун абдан суйунуп олтурган кезим, анткени мени жок дегенде бир адам тушунгоно ыраазы болупатам. Чон рахмат каало тилектерине, менин ишиме дагы дем бердин десем жанылышпайм. Озумо озум ишенип Киевке да барып сабак алып келдим быйыл, ал жакка чет элден кучтуу-кучтуу уюштуруучулар келип сабак отуп беришти. Эми женди туруп Кыргыз элине кызмат кылууга даяр турган чагыбыз. :)
26.04.2014. 20:33
 missnelya
Жезделер эт менен алышат,женелер конокторго баштыктарын таратып,белек-бечектери менен чуркап журуп эс алышпайт деле.Ушунун баарын уюштурган,чуркап бутургон, мыкты логист,организатор кыскача айтканда ивент менеджер барбы?Эгер бар болсо анын кызматы канча болот орто эсеп менен?
26.04.2014 20:46
Nasikat_
missnelya, Быйыл бизде 31 Декабрьга чейин акция жургузулот, баардык тейлоо кызматтарын бизден алган сон, уюштуруу кызматы бекер болот. Чет олколордо алардын кызматы 1000$ ойдо. Ал эми бизде андай нерсени жаны алып келген сон, элге синириш учун ушундай чараларды колдонууга туура келет, албетте бааланса да мынча кымбатка барбайт денизчи. Анын иши пайдалуу жана шарттуу турдо керек экенин жеткиргенге аракетибизди жумшайбыз.
27.04.2014. 02:47
 chayan
Жогорудагы комментарийлердин окуп чыктым. чындыгында буйруса жакшы агентство тузулуптур . Эми ишинер илгерилей берсин. кудай буйруса аман эсен болуп кыргызстанга барганымда созсуз сиздер менен байланышыпасам.
27.04.2014 11:17
Nasikat_
chayan, Чон рахмат, каало тилектеринизге ыраазыбыз. Созсуз байланышыныз, биздин эшик ар-дайым жакшылык ээлери учун ачык. :)
27.04.2014. 02:51
 chayan
дыгы бир кыстырма агенствонордун атын "Идеальная свадьба" деп орусташтырбай еле КЫРГЫЗЧА башкача атасанар кандай болоор еле дейм . бул менин жеке оюм да . кыргыз тилибизди онуктуробуз деп жаныдан билек туруп киришкенде ... ушундайлардан баштасак дейм да
27.04.2014 11:25
Nasikat_
chayan, Пикиринизге рахмат. Ойго алабыз. Агенттиктин минтип аталып калышына Украинадагы Киев шаарында жайгашкан атайын чон-мектеп ачылган, уюштуруучуларды окутуп уйротуу боюнча. Ал жакта аты "Идеальная свадьба" деп аталат. Бир кана улпот тойго арналган агенттик болгон сон ушундай чечимге келип атын коюп патенттеп алганбыз. Эми сиздикиндей сунуштар дагы тушуп жатат, баардыгын эске алып дагы бир жыйынтыкка келишибиз мумкун.Киевдеги ээсинин уруксааты менен коюлган, алар менен тыгыз байланыштабыз.
27.04.2014. 07:39
 begusia
Мен буйурса турмушка чыгарымда,сиздерге кайрылам. Абдан жакшы ойлоп чыгыпсыздар.
27.04.2014 11:34
Nasikat_
begusia, Созсуз кайрылыныз, сиздин мааракени мыкты денгээлде уюштуруп откоруп бериш биздин кубанычыбыз жана милдетибиз. :)
27.04.2014. 07:47
 begusia
Арзыбаган акчаны экономдойум деп,андан копго тушосун. Биз мисалы учун досумду узатып жатканда айабай кыйналгамбыз,тем более чет олкодон коп жыл журуп Ошко барсак баары озгоруп кеттиптир.Майда чудосун издеп айабай кыйналганбыз,ушундай агенсто бар экенин билгенде бармакбыз,кеткен бензиндин акчасын берсек бутуруп бермек экен:). Канча убакытын кетет,в общем айабай жакшы ойлопсуздар.
27.04.2014 11:32
Nasikat_
begusia, Эн туура пикир. Бул иш менен озу алышкан адам кана билет биздин жумуштун жоопкерчилигин. Мен да башында оз туугандарымдын тойлорун уюштуруп журуп коптогон кыйынчылыктарга дуушар болуп, чуркап журуп анан такшалдым. Акыркы кундору менсиз туугандардын бир да тойлору отпойт. Себеби туйшугу оор экенин, мен аларга караганда жакшы колго алаарымды билишет.Негизи той ээси эс алып мааракеден жакшы маанай алыш керек.Сизге да ыраазычылыгыбызды бильдиребиз каало тилектеринизге. Кайрылып турунуздар.
27.04.2014. 11:50
 lusi2013
Бул жон гана реклама,силерди бироо заставлять этпей эле турат го,буларга созсуз кайрылгыла деп,ар киминер озунор билесинер да тооба,
27.04.2014 12:01
Nasikat_
lusi2013, Туура айтасыз, эч ким мажбурлабайт. Ушундай агенттиктин кыргызыстанда ачылышын жар салып жатабыз. Кимге керек озу таап алат. Ар-бир кызматка жарнак керек, жарнак болбосо эл кайдан маалымат алат эле? Андыктан биздин кызмат керектелсе кайрылып турсаныз кубанычта болобус жана жардамга келгенге ар-дайым даярбыз.
27.04.2014. 18:12
 Tomega
Бул агентство борбордо эле кызмат кылатда ээ?
27.04.2014 20:00
Nasikat_
Tomega, Ооба Бишкек шаарында башкы кенсеси жана Ош шаарында филиалы ачылган.
27.04.2014. 19:33
 ulik.2014
Кичине эртереек билгенде жакшы болмок
27.04.2014 20:04
Nasikat_
ulik.2014, Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей. Алдыда жакшылыктарыныз болсо кайрылыныз. :)
27.04.2014. 20:35
 adah
Жакшы агентство ачылыптыр. Кызматчыларга эмгек акы толоп берилеби, жумуш издеп жургом.
28.04.2014 13:00
Nasikat_
adah, Албетте толонот. Бирок бизге оз ишин мыкты билгендер кана керек. Сиз бул тармакта иштебесениз кыйыныраа болуп калат го. :)
28.04.2014. 18:24
 pakistanka
men svadbamdi otkoroyun degem kuyoom ekoobuz aga konulubuz dele jok. birok tuugan degender taarinip jatat...toy bergile dep. maga 40 kiwilik ele mestani, eseptep berip koygulachi NASIKAT kizim kagilayin?.. ANDAY IZI CHUUNU KOP JAKTIRA BERBEYMIN,ANAN DA JINDI SUUSU JOK ELE BOLSUN ESEPTEP KORCHU?
28.04.2014. 18:28
 pakistanka
altinay narbaeva je roza amanova bolso yrchy sooroylordon...bawkanin keregi jok chuuldaktardan ...
28.04.2014. 18:34
 pakistanka
aytmakchy koynoktun da keregi jok... videonun da keregi jok...
28.04.2014. 19:20
 pakistanka
aytmakchy tamaktar da barby anin ichinen.. je tiwkaribi? dastorkondu da siler jasaysinarda eee?
28.04.2014 19:22
Nasikat_
pakistanka, Дасторконду биз жазабайбыз. Ан учун кафелер бар. Эген кафеге бербейм уйдо эле десениз анда уйго чакырылып иштей турган повор жана официанттарды жалдап беребиз. Жогорудагы жообумда кафеге откоргондогу тамагы менен чогуу айтылган болжолдуу сумма.
28.04.2014. 21:35
 pakistanka
maga eseptegen joksun go nasikat? 40 adam kelet dep jazgam...
29.04.2014 17:26
Nasikat_
pakistanka, Купуя катка жонотком.
16.05.2014. 17:37
 Nasikat_
Бишкек жана Ош шаарларында "Идеальная свадьба" уйлонуу - улпот агенттиги кызматта. Биздин агенттиктен тойго болунгон бюджетке карата программа тузулуп, алып баруучудан баштап сурот-видео, оюн зоок жана башка коптогон тейлоо кызматтарын камтып идеалдуу кылып уюштуруп жана откоруп берет. Толук маалыматты www.ideal.kg сайтынан таба аласыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Трейлерлер
Мыскыл жана тамаша
Кино, ТВ, телешоу
Кырсык жана согуш
Музыка
Мультфильмдер
Спорт
Илим жана техника
Авто жана мото
Жарнамалык роликтер
Жаратылыш
Оюндар
Саясат
Достор менен
Өнөр жана чеберчилик
Видеоблог
Үй-бүлө
Салтанаттар
Саякат
Эротика
Аралаш
Жаныбарлар дүйнөсүндө
Дин
Балдар дүйнөсү
Шоу дүйнө
Турмуш
Аниме
Ашкана
Мода жана стиль
Жаңылыктар
Сериал
Кылмыш жана жаза
Бий дүйнөсү
Караоке
Сынак. "Супер-Инфо"
Сулуулук
Ден соолук
Концерттер
Видеосабактар
Айтыш жана дастандар
Пайдалуу кеңеш
Super.kg 10 жашта
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: