00:06:46
32,41 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2014
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Австралиянын эӊ ири шаары Сиднейде 27-жаштагы Кейт Огг ай күнүнө жетпей эгиз бала төрөгөн. Төрөт оор болгондуктан эгиздин түгөйү клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал)абалында төрөлгөн. Дарыгерлер “төрөт оор өтүү, биз уулуӊузду сактап ала алган жокпуз” аны менен коштошуп алыӊыз деп ымыркайды ата-энесине беришкен. Андан кийинки окуяны керемет деп атасак да жарашчудай. Жансыз уулунун денесин төшүнө кыскан эне аны менен 2 саат бою сүйлөшүп жатып аны тирилтип алган. Бул тууралуу өткөн аптада чет элдик басылмалар жазып чыгышты.