Жанр:Эстрада
00:03:16
19,88 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2009
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Жазгы шамал жумшак сылап саамайыңдан,
Байке дейсиң чын жүрөктөн мени сыйлай.
Гитар чертип олтурамын маңдайыңда,
А сен болсо тим турасың мени сынай.
Кайырма:
Жылдыздай жанган көзүңдөн,
Айланам сенин өзүңдөн.
Түбөлүк гүлүм болсо деп,
Тилеймин сени Теңирден,
Менин сүйүүм.
Сен гүл болсоң, кол жетпеген аскадагы,
Мен күн болсом, шоола чачкан асмандагы.
Сен гүл болсоң, айланаңды кайтарайын,
Жан жагыңа жолотпостон эч бир жанды.
Кайырма: 2 жолу