Өнөр жана чеберчилик: «Казак акындарына Аалыдан жооп»
00:38:28
167,75 Мб
Жүктөлгөн: 14-03-2011


"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Жаш болсо да кыргыздын «Ай кашка» акыны аталган Аалы Туткучов жакынкы күндөрдө «Казак акындарына Аалыдан жооп» деген аталыштагы ачуу термесин жазып, элге ырдап чыкты. Төкмөнүн мындай чыгарма жаратышына казак акындарынын республикалык айтышында кыргыздардын дарегине карата айткан кордоо ырлары себеп болгон жана бул жагдайды Аалы мырза «Хабар» телеканалынан өз көзү менен көргөн. Албетте, көкүрөгүндө көрөңгөсү, жүрөгүндө оту бар өнөрпозду андай кемсинткен сөздөр тынч жаткырган эмес. Натыйжада көптөгөн тарых китептерин окуп чыгып, казак элине эмес, казак акындарынын айткандарына каяша казал айткан.
Ырас, эзелтен эле казак-кыргыз акындары айтыштарда бирин-бири колдоп да, кордоп да айтышып келишкен. Бирок, улуттун улуттуулугуна шек келтирген асыресе кездешкен эмес. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба дечү беле бизде, анысы карагандай өз учурунда журт сүйөрлүк сезими менен жооп кайтарган Аалы акынга «баракелде!» дегенден башка эч нерсе айта албайбыз.
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)

Комментарийлер (9)

14.03.2011. 11:27
 Abylai
Азаматчың Аалы сен менен өлкөбүз сыймыктанат!!!
14.03.2011. 11:33
 Мэри
Азаматсын,Аалы,азаматсын!!!Татыктуу жооп бериптирсин!!!Биз сени менен сыймыктанабыз!!!
15.03.2011. 00:48
 Talgat88
sheshendurain kazaktar , uindo oturup alyp kyiyn bolo berishet,Kazaktardyn zamany butoin dep kaldy go deim, Kytailar kyrgyzdy mes kazakty basat korosynorgo. owondo korom baurum degenin.
15.03.2011. 10:35
 lider-kg
Манка казактарды уруп ойнобойм
27.04.2011. 10:03
 kutmanov
Азамат Аалыке Кудай кубат берсин сага
01.05.2011. 19:35
 АйАй
Азаматсыз Аалы байке!!!
23.06.2011. 14:58
 Nuray
Wooooow! Aaly azamatsyn!!!

Kuday tilinde da, ynynö da, demine da, diline da kubat bersin! Aman bolsun sendey kyrgyzdyn azamaty!!!
16.07.2011. 18:48
 Taalaibek68
Азаматсын Аалы!Ушул сапарынан жазба.
07.09.2011. 13:46
 khlebov
Азаматсын Манастын урпагы Аалы.Сени менен кыргызым сыймыктанат.Желегин желбиреп тилинен чан чыга берсин жигит.Аябай патриот жигитсин.Сен болбосон башкасы жооп берер беле ким билет.Эмнеси болсо да талантын ташкындап кудай куч кубат берсин.Алга Аалы\\Алга\\
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Трейлерлер
Мыскыл жана тамаша
Кино, ТВ, телешоу
Кырсык жана согуш
Музыка
Мультфильмдер
Спорт
Илим жана техника
Авто жана мото
Жарнамалык роликтер
Жаратылыш
Оюндар
Саясат
Достор менен
Өнөр жана чеберчилик
Видеоблог
Үй-бүлө
Салтанаттар
Саякат
Эротика
Аралаш
Жаныбарлар дүйнөсүндө
Дин
Балдар дүйнөсү
Шоу дүйнө
Турмуш
Аниме
Ашкана
Мода жана стиль
Жаңылыктар
Сериал
Кылмыш жана жаза
Бий дүйнөсү
Караоке
Сынак. "Супер-Инфо"
Сулуулук
Ден соолук
Концерттер
Видеосабактар
Айтыш жана дастандар
Пайдалуу кеңеш
Super.kg 10 жашта
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: