00:03:29
11,57 Мб
Жүктөлгөн: 28-06-2012
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
1994-жылы туулган Дамир Хусеинов, эгер көзү тирүү болсо, 15-августта 18 жашка толмок. Уулунун курман болгонуна ишенбеген Зууракан Эралиева - дарыгерлердин ага кылган мамилесин эстеп, көз жашын көлдөтөт. Тамактан ууланып, оор абалда Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканага кайрылган Хусеиновдун дартын аныктап, бейтапканадан орун таап берүү иштери үч жарым саатса созулган. 23-июнь күнү ооруканада кезекте инфекциялык дарттарды аныктоочулар Аминат Гасанова менен Максим Хатамов жана дарыгер Элизавета Чуприна менен мээрман айым Айнура Ормушова турган. Бирок, дарыгерлерлердин кайдыгерлигиненулам, уулумдан ажырадым, - дейт Эралиева.
Зууракан Эралиева,Маркум Д.Хусеиновдун апасы:
“Ооруканага барган учурда, бизди кабыл алышы тозок болду. Үч жарым саат дегенде араң кабыл алганы менен, жолдомо жазып берүүсү тозок болду. Инфекциянын №6-бөлүмүнө деген жолдомо болгону менен, ал жакка баламды мойнума асып алып бардым. Ал жердеги, медсестралар кайдыгер карагандыктан, балам бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Эгерде, балама убагында жардам көрсөтүлсө, мындай болбойт болчу!”.
Салаттан ууланган маркум Хусеиновго тез жардам кызматы “ботулизм” деген диагноз коюу менен, Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканага жеткирген. Бейтапты кабыл алган дарыгер Абдыкапар Ободоев - дартын“токсикология” деп аныктап, үйүнө жиберген. Эртеси, 24-июнда, Хусеинов ооруканага кайра кайрылган жана ошол эле күнү кечинде жан берген.
Ал эми инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев - Ободоев аттуу дарыгер оорулууга “токсикология” деп аныктама берген соң, ошол эле күнү Хусеинов күнү Бишкектеги №4 бейтапканага барыш керек болчу, бирок барган эмес дейт. Ал өз кесиптештерине ал башкы дарыгер катары эч кандай жаза колдоно албаарын айтат, эгер маркумдун жакындары күнөөлүүлөр жазалансын десе, сотко кайрылуусу керек дейт.
Нарынбек Айткулуев,Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери:
“Мага, бул жердеги дарыгерлердин айтымында, биринчи ооруканага келгенде жакындары эмне үчүн кошо келген эмес? Ободоев деген дарыгер, “Токсикологияга” барсын деп жолдомо берген, бирок ал үйүнө кетип калган. Кайра эртеси күнү келип жатпайбы. Ал эми дарыгерлер тууралуу айтсам, аларды мен жумуштан кетире албайм. Эгерде маркумдун жакындары сотко кайрылса гана, ал мыйзам жолу менен окуянын чоо-жайы жолго коюлат”.
Ошол күнү негизги дарыгер болгон Елизавета Чупринанын оюн билүү үчүн кайрылганыбыз менен, ал колу бошобогонун айтып, жооп берүүдөн баш тартты. Жүрөгү сыздаган эне болсо, дарыгерлердин жоопко тартылуусун талап кылат, анткени бул иш ушул бойдон жабылса, мындай дарыгерлердин колунан дагы башка жарандар жабыр тартышы мүмкүн, - дейт алар.
Зууракан Эралиева,Маркум Д.Хусеиновдун апасы:
“Мен кайдыгер караган дарыгерлерди соттоп же түрмөгө отургузууну каалаган жокмун. Анткени, ага барсам, баламды экспертизадан өткөрүү үчүн, ал союлат да. Балам тынч жатсын. Бирок күнөлүү медиктер мындан ары эч бир жерге жумушка алынбай жана кызматтан айдап жиберилишин өтүнөм. Эгерде бул иш ушул бойдон калса, калган бейтаптарга дагы ушундай кош көңүл болот!”
Жугуштуу ылаң менен ооругандар жети бурчтан мына ушул, өлкөдөгү жалгыз инфекциялык ооруканага келет. Бейтаптардын саны арбын болгондуктан, бөлмөдө эмес, оорулууларды залдан да кезиктирүүгө болот. Жылына 45 миң бейтапты кабыл алып, 25 миң адамды эптеп үлгүрүп кароого жетишкен оорукананын эшигин каккылаган кезек күткөн жарандардын саны арбын. Ал эми дарыгерге ишеним артып, бирок алардын салкын көз карашынан дүйнө салган маркумдар үчүн ким жооп берет?