Жанр:Эстрада
00:02:53
36,21 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2013
Сөзү:Өсөр Козуевдики
Обону:Өсөр Козуевдики
Эртеден кечке жумуштан кетпей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.
Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.
Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-акыл максатың айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.
Сый-урмат көрүп, узакка жаша,
Тукумдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Кадырлап жүрсүн кыргыздын эли,
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли.