Каныкей "Турналар"
00:03:12
42,06 Мб
Жүктөлгөн: 12-11-2013


Сөзү: Каныкей Алымбекованыкы
Обону: Каныкей Алымбекованыкы


Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр,
Ойлондурду мени кайра ал түндөр.
Бийиги чоң бурулбаган аскалар,
Бурулбаса да, адамдар табышаар.

Кайырма:
Кайрылбай жандар кетсе,
Капага малынган кезде, аай,
Турналар учкан кезде,
Туруп кала берсек эмне?

Ойдуңү чоң орундалган агымдар,
Оргуштап аккан күндөрдү да табаар.
Асылы бар аргымактуу адамдар,
Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар.

Кайырма:

Тура албай калгандар,
Кайра, кайда бара алаар.
Мейли кетсе, бирок
Тагдырлар жолугаар.
  • Currently 4.15/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (47)

12.11.2013. 21:32
 Bekish-kg
эмне деген ыр бул?мааниси кана же табышмак кылып ырдап койдубу?мен ырдын маанисине тушунгонум жок)ыр суйуу жонундобу же турналарбы?же тагдыр жонундобу же омурбу?
13.11.2013 00:03
Agusha
Bekish-kg, эмнесине тушунбодунор менимче улуу жазуучу Чынгыз Айтматовтун "эрте келген турналар"повестине арналган ыр болсо керек деп ойлоп жатам кайра кайра коруп уксанар тушуносунор
13.11.2013 01:34
Alisher
Bekish-kg, Bul irdi Chingiz Aytmatovdun Erte kelgen turnalar chigarmasin okubagan adamga tushunush kiyin bolotko.... ir tushunuktuu en jakshi .... iygilik!!!
13.11.2013 18:49
Bekish-kg
Alisher, тоолук тушундуруп берсен кыйын болбосо?
13.05.2014 13:09
gulum.gul
негизи Каникейдин уну абдан жакшы жакшы да ырдайт жакшы маани берсенер тушуносунор.
12.11.2013. 21:38
 Rolankgb
Каныкейим сен чыныгы талантсын мен сени сыйлайм
12.11.2013. 21:38
 Angel92
Создорунун бир да мааниси жок,калганы сонун.
12.11.2013. 22:06
 Laden
1:47,1:48 арка жакта кыз сагыз чайнаап турат го)))))))))
13.11.2013 23:20
Aygerim_tls
Laden, Кайдан билдиниз сагыз экенин?
15.11.2013 13:13
Laden
Aygerim_tls, Клипке тартып атса нан жебесе керек))
21.11.2013 02:34
Jesika
Laden, чын эле оозун башкача эле кыймылдатыптыр го,кантип байкап аласынар ушундай нерселерди)))
19.03.2014 15:59
Han
Laden кыйын экенсиң
12.11.2013. 23:56
 Raumaa
кийиз дуйно фестивалынан тартылыптыр. Эн жакшы, бул кимдин оюна келиптир.
13.11.2013. 02:01
 booru.1991
соз жок клипке. ырдын маанисин ар ким оз жандуйносуно жана сезимина карап тушунуп алат. видеонун сапаты анча эмес.
13.11.2013. 02:16
 koroleva1981
Тушунбодум
13.11.2013. 03:23
 sonka89.
жакпады мааниси жок
13.11.2013. 09:13
 12.12.12
Турналар учкан кезде,
Туруп кала берсек эмне? деген саптардын маанисин эч бир адам тушунбойт болуш керек. Бирок менин тушунуум боюнча мындай. Турналар учканда адам асмады карап туруп калат го. Каныкей ошол ойду айткысы келип, баардык адамдар туруктуу жашаса деген ойду айткысы келип бур ыр саптарды жаратса керек. Ошондуктан Кайырмасында
Тура албай калгандар,
Кайра, кайда бара алаар?
Мейли кетсе, бирок
Тагдырлар жолугаар деп жатпайбы.
13.11.2013. 10:09
 Kamolovna
Турналар учкан кезде,
Туруп кала берсек эмне?
Мен бул саптарды мындайча тушундум, мезгилдер алмашып, убакыт отсо да адамдар кала берсе дегендей.
13.11.2013. 10:13
 Kamolovna
Таланттуу адамдын чыгармачылыгы, негизи эле исскуство адам баласына руханий азык болушу керек, эгер чыгарма адамды кандайдыр бир ойлорго туртку кылып адамды бул кандай болду бекен, эмне деген мааниде болду экен деп ойлондурган эле факт бул чыгарманын жогорку денгээлин айтып турат. Ийгилик сага Каныкей.
13.11.2013. 10:24
 bros
1 ок менен 2 коен атыптыр.
13.11.2013. 23:23
 Aygerim_tls
:-)))) бул эл озу чечмелеп ала турган табышмак ыр окшойт. Анда эмесе дагы ким ырдын создорун кандай тушунду?
14.11.2013. 08:34
 jazbek
Бул деген жомок,же ангеме эмес да кара соз менен жазылгандай,бул ыр,ырдын маанисин ар бир адам,ар бир бир убакта,ар кандай тушунот.белгилуу ырчылардын кобунчо ырлары тушунуксуз.
14.11.2013. 19:22
 nukesh
создун маанисине жакшылап конул бурсанар Каныкей молодей мен урматтайм
15.11.2013. 12:26
 aziz.
ырдын созу тушунукту Жана маанилуу каныкей иштерине ийгилик азаматсын дагы да элдикинен озгочо болгон ырларды кутобуз
15.11.2013. 19:30
 kanybek1234
Сын айтыш оной,бирок сынды да туура кабыл ала билиш керек го дейм? мага кашы ото эле боелуп калгандай,калганы жакшы Каныкей азамат!!!
15.11.2013. 23:59
 КОЛЮЧКА
Вот теперь узнаю стиль Каныкей в песне. А то последние песни обыденные или же слишком наигранные были!Песня в целом хорошая!
16.11.2013. 01:32
 aitmambet
Каныкеи ето- феномен! Менде соз жок.Талантты-баалаш керек..
17.11.2013. 21:27
 Mirko
Каныкей азамат
17.11.2013. 21:46
 urmat_88-kg
Каныкей унун бар укмуш мукам. Анан ошол унунду кор кылып болбогон ушул сыяактуу ырларды ырдабачы отуном сенден.
18.11.2013. 15:17
 tyncha1991
жакшы буйруса а бирок кемчилдик коп екен анеге дегенде бул ырдын маанисине тарткан клипби туура келбей калыптыр бир гана жери байакы ерте келген турналардан узунду алып тартыптыр ошол гана жери окшоптур и ыразы болгон жерим мурнку ата бабаларыбыздын кийимдери айабай журоктуу естии
ал жагынан алга мен баарибир Каныкейге 5 баа койом
19.11.2013. 02:23
 aman94el
ооо класс каныкей азаматсын баары оз ордунда баардык ырларынды суйуп угам баары маанилуу дагы да ийгилик ырындын (Асылы бар,аргымактуу адамдар)деген жерин сонун ырдаптырсын озгочо айта кетсем супер ийгилик
20.11.2013. 00:47
 marat_1910
азаматсын алга алга карай кадам таштай бер ийгилик
20.11.2013. 21:34
 kg_sulushka
maga jakty obionu dagy sozu dagy birok,birok men bul obondu murda ukkam
10.12.2013. 18:41
 rah
Каныкей унун жакшы бирок килиптерин ырларындын мааниси жок
16.12.2013. 16:28
 mirlanmiki
Kirgizimdin nukura ,akilduu,talanttuu ,kiraan kizi Kanikey!!!Atyna zaty jarashkan!Talantina ,emgegine taazim senin .Senin kele4egin ken,dagy kop biyiktikterdi bagindirasyn.Allahim seni dayim koldop jursun.Amin!
05.01.2014. 03:00
 Begai_kg
Каныкей сулуу болуп сонун чыгыптыр
07.01.2014. 16:27
 ladylove
Браво!!!
12.01.2014. 19:03
 mamamia
ырдын мааниси жок жон эле озуну корсоткону чыкан окшойт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: