СЕЗИМ тобу "Аёо сезим"
Жанр:Эстрада
00:04:00
51,3 Мб
Жүктөлгөн: 25-11-2013


Сөзү:Ж.Таированыкы
Обону:Э.Балтагуловдуку

Жазылбай актай калган барагыма,
Эми мен атыңды атап ыр жазбаймын.
Толтуруп жүрөгүмдү кусалыкка,
Сагынам деген сөздү,
Күтөмүн деген сөздү оозанбаймын.

Кайырма:
Жол карап күткөн күндөр артта калды,
Кеч күздүн жалбыраксыз дарагындай.
Аз-аздан унутулат аёо сезим,
Өмүрдүн саргарган бир,
Мезгилдин саргарган бир барагындай.

Жазылбай актай калган барагыма,
Көзүмө жаш толтуруп карабаймын.
Жаштыктын жазы толгон көчөсүнөн,
Жарк этип көрүнсө деп,
Нур болуп төгүлсө деп самабаймын.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (16)

25.11.2013. 13:28
 anara85
Ойё клиптеги кааармандар кантет я:-)) Ырдын мааниси жокко,,,,,
25.11.2013. 13:45
 aziza.jusupova
Yrchy kyzdyn golosuda jok kliptinda yrdynda manisi joktoi sezildi
25.11.2013. 15:41
 Gulzhan
10 жыл мурунку клиптердей болуп калыптыр.
25.11.2013. 16:08
 bosmos7
не балее? Оздору угуп корушдубу бекен?
25.11.2013. 16:30
 Agusha
Жок мен тушунбой калдым да неге мындай кылышкан ыр деп эле ырдай беретби
25.11.2013. 17:18
 periwtem
10 жыл мурунку клиптерда бул клиптен жакшына чыгат .
25.11.2013. 18:50
 tavsan
otstoi korgum da kelbei koidu menin unum jakshyraak bu kyzdykyna karaganda, uyat bolup yrdabai ele koi4u!Модератор admin_media түзөттү 26.11.2013 10:06
26.11.2013. 19:54
 jankou95
тушунгон жокмун, кыскасы толугу менен бере албаптыр
26.11.2013. 20:32
 arstan.sadyrbekov.92
Тушунуксуз клип, тушунуксуз ыр
27.11.2013. 04:47
 gylbaira
Жакшы эмес!
28.11.2013. 02:39
 Ysykataarashan
бара бара тузолот демекчи колдоп койсок осот да, жамандаш иттей оной; а жасоо ар кимдин колунан келбейт:
28.11.2013. 02:42
 Ysykataarashan
азаматсын иштей бер
04.12.2013. 17:14
 Asus84
тушунуксуз экен го
08.12.2013. 14:33
 elvira1980
Аябай сонун ырдаптыр, клип начар,АЗАМАТСЫН!
25.02.2014. 00:17
 sapargul
Сонун ыр ,жакшы ырдыптыр , үнүн тембры сонун экен. Клипте да жакшы ырдаган. Азаматсыз чыгармачылык ийгилик! Сизден көп ыр,клиптерди күтөбүз.
24.10.2014. 13:45
 9torres
Ужас
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: